super.kg logo

Сот Жусупбек Коргонбай уулун Бейшеналиевге моралдык чыгым төлөп берүүгө милдеттендирди

 

Сот министр Алымкадыр Бейшеналиевдин экс-депутат Жусупбек Коргонбай уулунун парламентте сүйлөгөн сөзү боюнча доо арызын канааттандырды. Бул тууралуу жактоочу Кайсын Абакиров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Эске салсак, 14-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Жусупбек Коргонбай уулу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар деп сындаган.

Андан соң министр депутатты сотко берген. Бул кадамга баруусуна Коргонбай уулу анын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтиргени себеп болгонун билдирген.

"Ленин райондук соту саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин экс-депутат Жусупбек Коргонбай уулунун 14-марттагы парламент жыйынында сүйлөгөн сөзү үчүн ар-намыс, кадыр-баркын коргоо жана моралдык чыгымды өндүрүү боюнча доо арызын канааттандырды.
Сот Жусупбек Коргонбай уулун чындыкка дал келбеген маалыматты төгүндөп, 10 миң сом өлчөмүндө моралдык чыгым төлөөгө милдеттендирди", - деп жазды жактоочу.
23-апрелде БШК Жусупбек Коргонбай уулун депутаттык мандатынан ажыраткан. Анын ыйгарым укуктары өзү жазган арыздын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулган болчу.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: