super.kg logo

Министрлик токко урунуп каза болгон жаран тууралуу маалымат берди

 

Чүйдүн Дөң-Арык айылында токко урунган жаран энергетик эмес. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымдады.

Белгилей кетсек, 31-майда Чүй РЭСине жергиликтүү тургундар телекомдун жыгач мамысында адам илинип турганын айтып чалышкан.

РЭСтин ыкчам бригадасы илинип турган адамды (каза болгон) жерге түшүрүшкөн.

Ал 1966-жылы туулган Ш.К. аттуу АТСнын телефонисти болгон. Телеком кызматкери телефон линиясын тартуу үчүн мамыга чыгып токко урунган.

"Ал кызматкер эч кандай коопсуздук эрежелерин сактаган эмес жана Чүй РЭСине маалымат берген эмес.

Эгерде РЭСке маалымат берилгенде РЭС тарабынан коопсуздук үчүн электр энергиясы өчүрүлмөк", - деп билдирди министрлик.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: