Бишкек мэри Жунушалиев эмне үчүн тик учак менен шаарды айланды?








Бүгүн, 3-июнда Бишкек мэри Айбек Жунушалиев, мэрдин орун басары Азамат Кадыров, башкы архитектор Урмат Карыбаев жана эл аралык "Nikken Sekkei" архитектуралык-шаар куруу компаниясынын өкүлдөрү шаарды тик учак менен кыдырды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалымдалгандай, бул рейс шаардын жаңы башкы планын иштеп чыгуу боюнча масштабдуу долбоорду ишке ашыруудагы алгачкы кадам болду.
Ага ылайык, шаар куруу жана урбанистика тармагында дүйнөлүк тажрыйбасы бар Nikken Sekkei шаарды өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү планын иштеп чыгуу үчүн аналитикалык документти иштеп чыгууга киришүүдө. Пландын негизги максаты – экологиялык, социалдык жана экономикалык аспектилерди эске алуу менен борбордун туруктуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү.
Учуу учурунда текшерүүнүн катышуучулары шаардын негизги объектилерине, транспорттук инфраструктурага, жашыл аймактарга жана жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында өнүктүрүүнүн келечектүү аймактарына өзгөчө көңүл бурушту.
"Nikken Sekkei компаниясынын өкүлдөрү кызматташуунун ийгиликтүү болоруна ишенимин билдиришип, мындай олуттуу долбоорго катышуу алар үчүн чоң сыймык экенин белгилешти.
Планды иштеп чыгууда алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбаларды жана инновациялык чечимдерди эске алуу менен комплекстүү мамиле колдонуларын баса белгилешти", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.