super.kg logo

Жыргалаң дарыясынын жээгинен мамонттун сөөгү табылды (фото)

 
Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң дарыясынын байыркы жайылмасынын кумдуу жерлеринде карьердик иштер учурунда мамонттун сөөгү табылды. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, сөөктү таап алгандар министрликке кайрылып, министрлик дароо археологдорду жөнөткөн.
"Текшерүү учурунда карьердин 3-5 метр тереңдиктеги кум-шагыл кендеринен бири-биринен 140-150 метр аралыкта эки башка жерден тиштин жана астыңкы жаактын сыныктары табылганы белгилүү болду. Азуу табылган жерди тазалоодо сөөктүн дагы бир бөлүгү табылды. Ачыкка чыккан сөөктөр баштапкы абалында көпкө калбайт жана күндүн нурунун таасиринен тез талкаланат.
Ошондуктан археологдор жогорудан ылдый карай тешик жасап, табылганы тазалашкан. Ал мамонттун баш сөөгүнүн сакталып калган төмөнкү бөлүгү болуп чыкты. Сөөктөр начар абалда болгондуктан, археологдор баш сөөктүн бир бөлүгүн гана алып чыга алышты. Мурда табылган тиштин жана жаактын сыныктары тазаланып, таңгакталып, ташууга даяр. Консервациялангандан кийин бардык табылгалар музейге өткөрүлөт", - деп билдиришти министрликтен.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: