Бишкекте дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинин курулушу башталды




Бишкек шаарынын мэриясы Трудовая көчөсү, 4 дарегинде дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинин курулуш иштерин баштады. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда муниципалитеттен билдиришти.
Маалымдалгандай, учурда котлованды казуу, пайдубалдын негизин жана тирөөч дубалдарын орнотуу жумуштары аяктады.
Ага ылайык, имарат план боюнча тик бурчтуу формада болот, эки кабаттуу, жер төлөсү жок. Комплекстин жалпы аянты 1756,20 чарчы метрди түзөт.
"Комплексте процедуралык кабинет, медициналык бөлмө, изолятор, кабыл алуу бөлмөсү, гардероб, күрөш залы, телескопиялык трибуналар, кийинүүчү жайлар, душ кабиналары, башчынын кабинети, коридор, машыгуу залы, санузел жана машыктыруучунун кабинети бар", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, имаратты куруу үчүн "Лидер Хаус" ЖЧКсы подряддык уюму менен келишим түзүлгөн.

