super.kg logo

Бишкек ЖЭБдеги жарылуу: Жабыркаган жаран кызматтык үйдө жашамай болду

 

Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) орун алган жарылуудан жабыркаган кызматкерге ишкананын балансындагы үйдө жашаганга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жабырлануучунун абалын эске алуу менен Бишкек ЖЭБинин жетекчилиги ага ишкананын балансындагы үйдө жашоого мүмкүнчүлүк түзүп беришкен.

"Кырсык болгонго чейин жабырлануучу үй-бүлөсү менен жатаканада жашаган жана жалгыз багуучу болуп келген", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле министрлик ишкана эки жабырлануучуга моралдык чыгым төлөп бергенин кошумчалады.

Эске салсак, 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында Бишкек Жылуулук электр борборунда авария болуп, 5 адам жабыркаган. Жабыркагандардын ичинен абалы оор деп бааланган 2 киши Түркия мамлекетинде дарыланып, 9-май күнү өлкөгө кайтып келишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: