super.kg logo

Бишкекте жолдорду оңдоо иштери белгиленген мөөнөттөн алдыда кетүүдө

 

Бишкек шаарындагы Байтик баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүндө жолду капиталдык оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда мекемеден билдиришти.

Маалымдалгандай, Ахунбаев көчөсү менен Манас проспектисинен Токтоналиев көчөсүнө чейин перспективдүү түтүктөрдү орнотууга 2 атайын техника жана 1 бригада (5 адам) тартылган.

Ал эми Токтоналиев көчөсүнөн Малдыбаев көчөсүнө чейинки тилкедеги жумуштарга 7 бирдик атайын техника тартылган. Жеринде төмөнкүлөр иштеп жатат: 1 бригада (5 адам) битум куюга даярдык жумуштарын, 1 бригада (12 адам) бордюр орнотууда, 1 бригада (5 адам) битум куюуда жана Токтоналиев менен Шакиров көчөлөрүнүн ортосуна асфальттын биринчи катмарын жаткырууга даярдык көрүлүп жатат.

Ага ылайык, Байтик баатыр көчөсүндөгү капиталдык оңдоого: Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин 12 атайын техника тартылган, 1 бригада (18 адам) жолду кеңейтүү үчүн тилкени даярдап жатат. 1 бригада (16 адам) жол боюндагы бордюрларды орнотууда. Ошондой эле 1 бригада (8 адам) түтүктөрдү орнотуу үчүн тартылган.

"Байтик баатыр көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү жумуштарга 12 атайын техника тартылган. Жеринде 1 бригада (14 адам) эски асфальтты сыйрып жатат. 1 бригада (8 адам) асфальтка чейинки тазалоо жумуштарын аткарса, 5 адамдан турган геодезисттер бригадасы да иштеп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин 26-майда Бишкектин бир канча жолдору оңдоо иштери үчүн жабылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: