super.kg logo

Эрежеге баш ийбегендерге 10 миң сом айып салынат. Жол милициясы өлкө боюнча рейд өткөрөрүн маалымдады

 

Жол милициясы өлкөдө “Маяк” деп аталган рейд өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирди.

Маалдыматка караганда, акыркы учурларда маягын күйгүзүп бейтап менен бара жаткан "Тез жардам" унаасына жол бошотуп бербей, аны менен тең жарышып айдаган унаалар байкалууда. Ошондой эле ИИМдин жана өрт өчүрүүчү кызматтык унаалар шашылыш түрдө үн чыгаруучу, жаркылдоочу каражаттары менен бара жаткан учурларда да аларга жол бошотуп бербей, же артынан ээрчий түшүп, катуу ылдамдыкта айдаган айдоочулар да кездешүүдө.

"Ошондуктан бул кызматтык унаалар ыкчам түрдө жарандардын өмүрүн, ден соолугун сактап калуу же кылмыш-кырсыктардын алдын алуу максатында үн коштоочу, жаркылдоочу каражаттары менен бара жаткан учурда башка катардагы унаалардын жол бошотуп берүүлөрү зарыл экендигин айдоочуларга эскертүү иретинде өлкө аймагында “Маяк” аталышында бир жумалык рейддик иш-чара өтөт.

Эгерде катардагы айдоочулар бул кызматтык унааларга жол бошотуп бербеген учурларда Укук бузуу кодексинин негизинде 10 миң сом айып пул салынарын эскертебиз", - деп айтылат маалыматта.






Видео: ЖКККБ

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: