Бүгүн Кыргызстанда боор алмаштыруу боюнча алгачкы операция жасалат
Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштырылат. Операция 10-11-июнда жасалат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2 бейтаптын боору алмаштырылат. Боорду трансплантациялоону жергиликтүү дарыгерлер жасашат. Алар Түркияда боор трансплантациялоо боюнча окуудан өтүп келишкен. Операция учурунда түрк адистери көмөктөшөт. Буга чейин анестезиолог-реаниматолог, эки хирург жана медайымдан турган түрк дарыгерлер тобунун келери айтылган.
Буга чейин 4-июнда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары боорду алмаштыруу боюнча медициналык мекеменин даярдыгы менен таанышып, операция жасала турган бейтаптар менен жолугушкан.
“Учурда алты бейтап жана алардын донорлору алдын ала даярдыктан өтүп, операцияны күтүп жатышат. Операция Бишкек мамлекеттик Кыргыз-түрк достук ооруканасында жасалат. Операция жасоо үчүн керектүү жабдыктар бар, түркиялык дарыгерлер жетишпеген жабдууларды өздөрү менен кошо алып келишет", - деп билдирген Алымкадыр Бейшеналиев.
Белгилей кетсек, 11-12-январда Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркиянын Малатья шаарында жайгашкан Инөнү университетинде болуп, анын ишмердүүлүгү менен таанышкан.

