super.kg logo

Ыктыярдуу аттестациялоонун II этабында 5 гана мугалим категорияларын тастыктады

 

Педагогикалык кызматкерлердин ыктыярдуу аттестациялоонун II этабынын жыйынтыгында 74 мугалимден бешөө гана квалификациялык категорияларын тастыктаган. Бул туурасында билим берүү жана илим министрлиги кечээ, 10-июнда кабарлады.

Маалымдалгандай, 9-июнда өткөн тестирлөөгө II этапка катышууга жолдомо алган 77 мугалимдин 74ү катышкан.

Биринчи квалификациялык категориясын ыктыярдуу тастыктаган мугалимдер:

  1. Абдувахид Маматкулов – Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы №12 Абдуганы Атамов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин математика мугалими;
  2. Минавар Таштемирова – Баткен облусунун Баткен шаарындагы №4 мектеп-гимназиясынын башталгыч класс мугалими.

Экинчи квалификациялык категориясын ыктыярдуу тастыктаган мугалимдер:

  1. Мавлюда Эралиева – Баткен облусундагы Баткен облустук гимназия жатак мектебинин химия сабагынан мугалим;
  2. Анара Курбанова – Баткен облусунун Баткен районундагы Газ орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими;
  3. Мээрим Турдубаева – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы А.Деркембаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин орус тили жана адабияты мугалими.

“Ыктыярдуу аттестациялоонун биринчи этабына катышуу үчүн республика боюнча 337 мугалим документ тапшырып, анын ичинен эксперттик комиссия 77 документке II этапка жолдомо берген. Жалпы квалификациялык категория ыйгарууга берилген арыздардын ичинен жогорку квалификациялык категорияга – 81 мугалим, биринчи квалификациялык категорияга – 118, экинчи квалификациялык категорияга – 138 мугалим арыз берген”, - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: