super.kg logo

Улуттук банк журналисттерге финансылык сабаттуулук боюнча семинар өткөрдү

 

Бүгүн, 11-июнда Ысык-Көл облусунда Улуттук банк "Кыргыз Республикасында банк системасы кандай иштейт?" деген темада семинар өткөрдү. Семинарга Бишкектен келген журналисттер жана Улуттук банктын өкүлдөрү катышты.

Аталган иш-чаранын алкагында Улуттук банктын өкүлдөрү журналисттерге окутууларды жүргүзүп, кызыктырган суроолорго жооп беришти. Жалпысынан окутуу беш саатка созулуп, эки бөлүктөн турду. Уюштуруучулардын айтымында, мындай окутуулар финансылык маалымат таратууда өтө керек экенин айтып өтүштү.

Семинардын алкагында журналисттер Улуттук банктын ишмердүүлүгү менен кенен таанышып, финансылык сабаттуулукка тиешелүү суроолорго жооп ала алышты.

Ошондой эле семинардын жүрүшүндө катышуучуларга кофе-брейк уюштурулду.

Иш-чаранын аягында катышуучулар ыраазычылык билдиришип, мындай окутуулар дагы да керек экенин айтышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: