Бишкек – Куала-Лумпур түз авиакаттамын ачуу пландалууда




Бишкек – Куала-Лумпур түз авиакаттамын ачуу пландалууда. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, учурда Кыргызстандын Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов жана “Манас эл аралык аэропорту” ААКсынын коммерциялык директору Аман Мамаев баштаган делегация Малайзияда иш сапары менен жүрөт.
Кыргыз делеагциясынын иш сапарынын алкагында Малайзиянын авиациялык бийлиги, ири авиакомпаниялардын жетекчилери, ошондой эле Куала-Лумпур шаарынын эл аралык аэропортунун өкүлдөрү менен жолугушуулар пландаштырылган.
Белгилей кетсек, кечээ, 10-июнда Малайзиянын Транспорт министрлигинин Авиация департаментинин жетекчилери менен жолугушуу болуп өттү.
"Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз делегациясы Кыргызстанда жарандык авиациянын өнүгүшү жөнүндө кеңири презентация жасап, малайзиялык авиакомпанияларга Бишкекти транзиттик пункт катары пайдаланууга мүмкүнчүлүк берген бешинчи даражадагы аба эркиндиги бериле тургандыгын ырастады. Ошондой эле Малайзия тарапка өлкөнүн туристтик потенциалы тууралуу маалымат берди", - деп айтылат маалыматта.
Ага ылайык, Малайзия тарап эки өлкөнүн борборлорунун ортосундагы жүргүнчү жана жүк ташуучу авиакаттамдарды ишке ашыра турган ата мекендик авиакомпаниялардын демилгелерин толугу менен колдой тургандыгын ырастады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы аба каттамы жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга керектүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү макулдашышты.

