super.kg logo

Аптаптан кантип сактанууну билесизби? ӨКМ берген кеңештер

 

Ысыктын жогорку чегин жүрөк-кан тамыр жана өнөкөт оорулардан жапа чеккендер эле эмес, дени сак адам да көтөрө албай турганын медицина кызматкерлери ар дайым эскертип келишет. Ысык аба ырайы өнөкөт ооруларды козгошу мүмкүн. Ошондой эле ичеги-карын инфекциялары козголуп, ысыкта жарабай калган тамак-аштан уулануу көбөйөт. Анткени аптап инфекциянын кеңири жугушуна жол ачкандыктан өзгөчө жаш балдарга тамак-аш азыктарын абайлап берүү зарыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аптаптуу күндөн кантип сактануу керектигин жана тамактануудагы эрежелер туурасында маалымат менен бөлүштү.

Аптаптан кантип сактанабыз?

- күндүн эң ысык мезгилинде мүмкүн болушунча көлөкө жерде болууга жана зарылдыгы жок болсо үйүңүздөн чыкпаганыңыз туура;

- өзүңүздү ысыктан коргоо үчүн табигый кездемеден тигилген жеңил, кенен кийим кийген оң. Ал эми синтетикалык кездемеден тигилген кийимдер тери ооруларын пайда кылат;

- кургатылган мөмөлөрдөн кайнатылган шербет, бөлмө температурасындагы суюктук (2,5-3 литр) ичүү сунушталат, эң жакшысы газсыз минералдык суу, лимон кошулган муздак көк чай суусунду жакшы кандырып, организмге пайдалуу;

- ичүүчү суу өтө муздак болбошу керек, анткени ысыкта иммунитеттин төмөндөшүнөн тамак оору жана курч респиратордук инфекцияларга чалдыгып калуу коркунучу күчөйт;

- сууга түшүү – денени муздатуунун жакшы жолу, жуунганда жуунуунун эрежелерин сактоо керек;

- сууга түшүүдө спирт ичимдиктерин ичпеңиз;

- сунушталбаган, атүгүл тыюу салынган жерлерде сууда сүзбөңүз.

Аптапта тамактануу эрежелерин эске бекем туталы:

- тамак ичердин алдында, тамак даярдап жатканда, дааратканага баргандан кийин, коомдук транспортто жүргөндөн кийин колду тез-тез жана жакшылап самындап жууп туруу;

- жашылчаларды-жемиштерди жана мөмөлөрдү агын сууга жакшылап жууп жеңиз;

- ашканада тазалыкты сактаңыз, тамак-аштын калдыктарын чогултпаңыз;

- жер үйлөрдө ажатканаларды таза кармоо, аларды өз убагында дезинфекциялоочу каражаттар менен тазалоо зарыл. Анткени аптап патогендик микробдорду таманында алып жүрүүчү чымындардын массалык көбөйүшүнө жакшы шарттар түзүп, жугуштуу ичеги-карын оорулары көбөйөт;

- үй шартында ысык жана муздак тамактарды даярдоо, тамак-аш азыктарын, өзгөчө тез бузулуучу азыктардын сактоо шарттарына көңүл буруу;

- тез бузулуучу тамак-аштарды жана даяр тамактарды муздаткычта +2 +8 градус температурада гана сактоону эсиңизге тутуңуз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: