Бишкек мэриясында ККМди ишке киргизүү маселеси талкууланды
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин жетекчилиги алдында борбор калаанын муниципалитетинде координациялык кеңешме өттү. Калаа мэриясынан билдиргендей, анда борбор калаанын негизги жолдорун капиталдык оңдоо, ошондой эле базарлардагы учурдагы абал талкууланды.
Жыйынга мэрдин орун басарлары, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери, райондун акимдери, Бишкек шаарынын райондук салык кызматынын жетекчилери жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.
"Борбор калаанын негизги көчөлөрүндө эки жумадан ашык убакыттан бери оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Жунушалиев шаардагы жолдорду капиталдык оңдоо акыркы жолу 2003-жылы жүргүзүлгөнүн эске салды. Транспорт блогунун жетекчилерине негизги жолдорду оңдоону 31-августка чейин бүтүрүү тапшырмасы берилди.
Ошондой эле шаар базарларында кассалык машиналарды жана электрондук-товардык коштомо кагаздарды киргизүү маселеси талкууланды. Калаа башчысы муниципалдык базарларда кассалык аппараттарды колдонуу боюнча текшерүү жүргүзүү милдетин койду. Санариптик технологиялар борбору МИсине ЭТТН тиркемесин сынап көрүү жана тиркемени “бир басуу” менен колдонууга жардам бере турган сунуштарды киргизүү тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.
Бул маселени чечүү боюнча талкуунун жыйынтыгында шаар мэри сатуучуларды ЭТТН менен иштөө боюнча окутууну күчөтүү, ошондой эле райондордун акимдеринин катышуусунда жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмаларды берди.

