super.kg logo

"Ак шумкарлардын" тарыхый жеңиши Жогорку Кеңеште айтылды (видео)

 

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов футбол боюнча Кыргыз улуттук курама команданы тарыхый жеңиши менен куттуктады.

Жогорку Кеңештин бүгүн, 12-июндагы жыйынында эл өкүлү футболдун мындай деңгээлге чыгышына өлкө жетекчилеринин салымы чоң экенин баса белгиледи.

"Баарыңыздарга белгилүү болгондой кечээ биздин футбол боюнча улуттук курама команда дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алды. Бул биз үчүн эң чоң кубаныч, бул тарыхта биринчи жолу болуп жатат. Мен муну менен эмнени айткым келип жатат. Ошол футболдун ушундай деңгээлге чыгышына, өлкө жетекчилеринин саясатына, кошкон салымына ыраазычылык билдирем.

Ошондой эле бизде Орто Азиядагы эң чоң стадион курулганы жатат. Бул ишке дагы ийгилик каалайм. Бардыгыңыздарды жеңишиңиздер менен куттуктайм!" - деди ал.

Кечээ, 11-июнда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Маскат шаарында Оман курамасы менен кез келип, 1:1 эсебинде тең чыккан. Мындай жыйынтык менен "Ак шумкарлар" Дүйнө чемпиондугуна тандоонун акыркы туруна чыгып, ошону менен бирге Азия Кубогуна жолдомо уткан.






"Ак шумкарлардын" тарыхый жеңиши Жогорку Кеңеште айтылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: