super.kg logo

“30дагылар 60ка чыкты”. Депутат Таштанбеков Чүйгө келген этникалык кыргыздардын маселесин көтөрдү

 

Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков Ысык-Ата районунун Ивановка жана Красная Речка айыл өкмөтүнө Тажикстандан көчүрүлүп келген этникалык кыргыздардын учурдагы жашоо шартын айтып, алар каралбай калганын билдирди.

Анын айтымында, алардын көчүп келип жайгашканына 30 жыл болсо да, шарттар түзүлбөй келет.

“Ошол учурдагы миграцияны тейлегендер алып келип таштап, унутуп коюшту. Ошол учурда келген 30 жаштагы келиндер азыр күтүп отуруп 60ка чыкты. Көпчүлүгү каза болушту. Ивановкадагыларды ооруканага жайгаштырган. Аны эмгек министрлиги баланска алып, шарттарды түзүп бериш керек. Ал эми Красная Речкадагы бала бакчаны бошотуш керек. Геологияга караштуу катылып турган имараттар бар экен. Анын арасында 20 бөлмөлүү үй да бар. Шарт түзүп берели”, - деди Таштанбеков.

Депутат айрымдарында документтери жок экендигин айтып, аларга жардам берип, камкордукка алууну тездетүү керектигин кошумчалады.

Жыйында эл өкүлүнө эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна талапкерлиги жактырылган Жылдыз Полотова жооп берип, бул жагдайды эске ала тургандыгын убадалады.






Депутат Таштанбеков этникалык кыргыздардын маселесин көтөрдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: