super.kg logo

Тажикстандын абактарында канча кыргызстандык отурганы белгилүү болду

 

Бүгүн, 12-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Миргүл Темирбаева чет мамлекеттердин абактарында отурган кыргыз жарандары тууралуу маселе көтөрдү.

Жыйында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жаза аткаруу кодексине, Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жаткан.

Ал алгач коңшу Тажикстандын абактарында канча кыргыз жараны бар экенине кызыкты.

"Учурда Тажикстандын аймагында соттолгон канча Кыргызстандын жарандары бар? Аларды экстрадиция аркылуу Кыргызстанга алып келүү боюнча кандай жумуштар жүрүп жатат?" - деди Темирбаева.

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков 25 кыргыз жараны бар экенин айтты.

Эл өкүлү Түштүк Кореяда кыргызстандык эмгек мигранттары көп экенин белгилеп, ал жактагы абалды сурады.

Сыдыков аталган өлкөнүн абактарында 8 кыргыз жараны жазасын өтөп жатканын билдирди.

Андан соң депутат айым кыргызстандык эмгек мигранттары Европа өлкөлөрүнө көп кетип жатканын айтып, батыш өлкөлөрү менен дагы экстрадиция маселесинде сүйлөшүүлөрдү алып барууну сунуштады.






Жогорку Кеңеш 12.06.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: