super.kg logo

Базарларда ишкерлерди текшерүүгө мораторий узартылды

 

Мамлекеттик салык кызматы базарлардын жана кичи базарлардын ишкерлерин текшерүүгө мораторий узартылганын маалымдады.

2025-жылдын 1-январына чейинки мораторий чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана колдоого багытталган.

"Бул мораторий базарларда жана кичи базарларда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды колдонууга тиешелүү. Бул мезгилдин ичинде Салык кызматы текшерүүлөрдү жүргүзбөйт жана ЭТТКны колдонбогондугу үчүн административдик айыптарды салбайт", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 11-июнда Бишкектеги “Дордой Дыйкан” менен “Ош базарынын” соодагерлери ЭТТК жана ЭЭФны колдонууга каршы болуп иш ташташканы кабарланган. Бүгүн, 12-июнда Максим Горький атындагы бакчада соодагерлер нааразылык акцияга чыгышканын жергиликтүү басылмалар жазышты.

Маалымат үчүн: базарларда жана кичи базарларда чекене соода жүргүзгөн ишкерлер үчүн ЭТТКны колдонууга жөнөкөйлөштүрүүлөр киргизилген. Алар товарлардын калдыктарын кириштөөдөн жана калкка сатууда эсептен чыгаруудан бошотулат. Жеткирүүчүлөрдөн товарларды сатып алуу үчүн ЭТТК системасына катталуу жалгыз талап болуп эсептелет.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: