super.kg logo

Алдамчылардын "торуна" илинбеш үчүн эмнелерди билүү зарыл? Улуттук банктын жообу

 

Акыркы учурда Улуттук банк байма-бай заманбап технологияларды колдонуу менен алдамчылык фактылары көбөйүп жаткандыгын эскертип жатат. Мекеме "Жарандардын акчасынан пайдалануу үчүн алдамчылар акыркы технологияларды жана өзгөчө ыкмаларды колдонуп жатышат" деп билдирген.

Ошондой эле шылуундар көбүнчө өзүн Улуттук банктын же коммерциялык банктын кызматкери катары тааныштырып жаткан учурлар катталып жатканын айтышкан.

Буга байланыштуу порталыбыздын Пайдалуу кеңеш түрмөгүндө банк тармагындагы алдамчылыктын түрлөрү, андан сактануу жолдору жана шылуундарга каралган жазалар тууралуу сөз кылабыз. Суроолорубузга Улуттук банктын басма сөз кызматы жооп берди.

— Азыркы учурда банк тармагында алдамчылыктын кайсы түрлөрү көп кездешип жатат?

— Банк тармагында алдамчылыктын төмөнкү түрлөрү көп кездешет. Аларды санап өтсөк:

  • Фишинг: Бул жасалма сайттар же электрондук каттар аркылуу логин жана сыр сөз сыяктуу купуя маалыматты алуу;
  • Фишинг (Voice Phishing) (телефон аркылуу алдамчылык): өзүн банк кызматкери деп тааныштырып, алдоо жолу менен кардарлардан купуя маалыматтарды алуу үчүн телефон чалуулар;
  • Скимминг: Мында банк карталарынан маалыматтарды окуу үчүн банкоматтарга аппараттарды орнотуу;
  • Социалдык инженерия: кардарларды алдоо жана алардын маалыматтарын алуу үчүн психологиялык ыкмаларды колдонуу;
  • Төлөм карталары менен алдамчылык: Бул уурдалган картадагы маалыматты колдонуу менен уруксатсыз транзакциялар.

Бүгүнкү күндө Улуттук банкка телефон аркылуу алдамчылык учурларына байланыштуу жарандардын арыздары келип түшүүдө. Мында алдамчылар жарандарга өздөрүн "банктын, Улуттук банктын же укук коргоо органдарынын кызматкери" деп тааныштырат, эсеп боюнча жүрүп жаткан ар кандай операциялар жөнүндө кабарлайт жана купуя маалыматты сурайт экен. Ошондой эле акча каражаттарын башка реквизитке которууну же кредитти тариздөөнү жана башка реквизитке которууну суранышат.

Мындан тышкары бүгүнкү күндө WhatsApp боюнча алдамчылык актуалдуу болууда. Алдамчылар жарандарга WhatsApp аркылуу жазып, "банктын кызматкеримин" деп өзүн тааныштырат. Шылуун жарандан видео чалуу аркылуу туташууну суранат. Андан аркы схемасы телефон аркылуу алдамчылыкка эле окшош.

— Акыркы учурда алдамчылар телефон чалуу аркылуу өзүн банк кызматкери катары тааныштырып, жарандардын жеке маалыматтарын алган учурлар кездешип жатканын эскертип жатасыздар. Буга байланыштуу кандай иштер аткарылып жатат?

— Улуттук банк жана коммерциялык банктар өз кардарларына алардан жеке маалыматтарды алуу максатында байланышка чыкпайт. Ар бир коммерциялык банктын шектүү операцияларды көзөмөлдөө жана токтотуу боюнча ички жол-жоболору бар.

Банктар төмөнкү чараларды колдонуу менен шектүү операцияларды текшеришет:

  • Транзакцияны талдоо: кардарлардын жүрүм-турумундагы өзгөчө көрүнүштөрдү көзөмөлдөгөн жана шектүү операцияларды аныктаган автоматтык мониторинг системалары;
  • Инсанды аутентификациялоо: операцияларды жүргүзүүдө кардарды тастыктоонун кошумча чаралары;
  • Колдонуучулардын аутентификациясы жана коопсуздук деңгээлин кошумча камсыз кылуу үчүн колдонулган бир жолку сыр сөздү суроо;
  • Кардарларды окутуу жана маалымат берүү: алдамчылык ыкмалары жөнүндө көбүрөөк маалымат берүүгө багытталган маалыматтык кампанияларды жүргүзүү жана маалымат таркатуу.

— Банк кызматкерлери кардарларга кайсы учурларда телефон чалышы мүмкүн? Бул учурда жаран чалган кызматкердин аныктыгын билүү үчүн эмнелерди сурашы керек?

— Банк кызматкерлери кардарга төмөнкү учурларда чалышы мүмкүн:

  • Кардар карта алуу үчүн арыз калтырган учурда. Эгерде банктын арыз боюнча суроолору болсо, банк кардар менен байланышат;
  • Кардар транзакцияны өзү жүргүзгөнбү деген маалыматты тактоо үчүн;
  • Насыя боюнча карызды өндүрүү боюнча чалышы мүмкүн;
  • Насыяны сатуу боюнча жана маркетингдик сурамжылоо жүргүзүү үчүн чалышы мүмкүн;
  • Эгерде кардар аралыктан видео-идентификациялоо жүргүзүүгө билдирме калтырса;
  • Кардардын банкка мурда калтырган кайрылуусун кароонун жыйынтыгы жөнүндө билдирүү үчүн.

Эске алчу жагдай, ошол эле учурда банк кызматкерлери эч качан ПИН-код же сыр сөз сыяктуу купуя маалыматты сурашы мүмкүн эмес.

— Кибер алдамчылар жарандардын банктык жеке маалыматтарын көрө алышы мүмкүнбү?

— Банктын кардарды тейлеген кызматкерлери гана жеке банктык маалыматтарга кирүү мүмкүнчүлүгүнө (иш милдеттерин аткаруу учурунда) ээ. Банктар кардарлардын жеке маалыматтарын уруксатсыз кирүүдөн жана алдамчылыктан коргоо үчүн комплекстүү чараларды көрүшөт. Мында технологиялык чечимдер да, уюштуруу жол-жоболору да камтылат.

— Банктык картадагы акчанын сакталышына кепилдик барбы?

— Банктар өз ара иш алып баруунун ар бир этабында ишенимдүүлүктү жана коопсуздукту камсыз кылуу менен кардарлардын акча каражатынын сакталышына кепилдик берет.

— Жарандар Улуттук банкка кайсы учурларда кайрылышат?

— Бүгүнкү күндө Улуттук банктын кызматкеринин жасалма документин көрсөтүп, алдамчылык менен алектенген шылуундар да күч алды. Алардын максаты жарандардын акча каражаттарын пайдалануу жана уурдоо. Буга байланыштуу Улуттук банк жарандардын жеке маалыматтарын жана жашыруун маалыматтарын телефон аркылуу эч качан сурабай тургандыгын эскертебиз. Анын үстүнө Улуттук банк жарандарга эсеп ачпайт, жеке адамдарды тейлебейт жана калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзбөйт. Андыктан сак болууну, эч кимге жеке маалымат бербөөнү сунуштайбыз.

Жарандар Улуттук банкка банктардын иши тууралуу суроолор жана керектөөчүлөрдүн укугунун бузулушу тууралуу даттануулар менен кайрыла алышат. Улуттук банк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталган иштерди туруктуу негизде жүргүзүп турат.
Эгерде сиз алдамчылыктын курмандыгы болуп калсаңыз, анда Улуттук банк кайрылууну финансылык кызматтарды керектөөчүнүн арызынын негизинде жекече карап чыгышы мүмкүн.

Алдамчылардын "торуна" илинбеш үчүн кандай эрежелерди билүү зарыл?

— Кардар төмөнкү эрежелерди эске алышы зарыл:

  • Эч качан купуя маалыматты (ПИН-код, сыр сөз) телефон же электрондук почта аркылуу ачыкка чыгарбоо;
  • Банктын расмий каналдары аркылуу түздөн-түз байланышып, чалуулардын жана билдирүүлөрдүн аныктыгын текшерүү;
  • Аккаунттарды коргоо үчүн эки факторлуу аутентификацияны колдонуу;
  • Коомдук жайларда банк карталарын колдонууда этият болуу;
  • Өз эсептеринин абалына жана Банктын билдирүүлөрүнө көз салуу;
  • Жеке маалыматтарыңыздын корголушуна өзгөчө көңүл буруу;
  • Белгисиз шилтемелерге кирбей, шектүү номерлерге чалбоо;
  • Карта маалыматтарын компьютерде же смартфондо сактабоо;
  • Эгер сизге бир нерсе утуп алдыңыз же сиздин картадан капысынан акча чыгарылып кеткенин жана аны токтотуу үчүн жеке маалыматтарыңызды көрсөтүү зарыл экендигин айтышса, сүйлөшүүнү дароо токтотуп, картанын арткы бетинде көрсөтүлгөн телефон номери боюнча банкка чалыңыз;
  • Эгер сизге туугандарыңыз же досторуңуз кыйынчылыкка туш болду деп чалышса, алар менен түз байланышууга аракет кылыңыз;
    Карта сыяктуу эле, электрондук капчыкты колдонууда да, түшүнүксүз шилтемелерди баспаңыз жана ал жерге маалымат киргизбеңиз;
  • Эгерде сиз электрондук капчык тиркемесин жүктөп алган телефонуңузду уурдатып алсаңыз, дароо банкыңызга кайрылып, капчыгыңызды бөгөттөңүз;
  • Банкоматтан акча чыгарууда тааныбаган адамдан жардам сурабаңыз;
  • Улгайган туугандарыңызга жана өспүрүмдөргө бул жөнөкөй эрежелерди түшүндүрүңүз.

Улуттук банк жарандарды алдамчылардан сак болууга чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: