Нарында эми электр мотоциклдери чогултула баштайт







Нарында июнь айынын аягында эки жана үч дөңгөлөктүү электр мотоциклдерин чогултуучу завод ишке кирет. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалым болгондой, облус жетекчилиги менен Кытайдын Кашгар шаарындагы "Сиганг синьцзянь гуожи маои" компаниясынын өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр жүргөн. Анда тараптар 20-июнга чейин техникалардын сырьёсун Кытайдан ташып келүү, уюштуруу иштерин жүргүзүү жана июндун аягы менен заводду ишке киргизүүнү макулдашышкан.
"Мототехникаларды чогулта турган завод "Нарын эркин экономикалык аймагынын" субъектиси болуп катталып, Ат-Башы районунун Кара-Булак участогунда курулган "Кургак порт жана бондалык-логистикалык борборунан" орун алат", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле жаңы завод жергиликтүү тургундарды кошумча жумуш орундары менен камсыздай турганы кошумчаланды.

