super.kg logo

Министр Ниязбеков жол кырсыктары азайбай жатканын айтып, бир катар тапшырмаларды берди

 

Бүгүн, 12-июнда ички иштер министри Улан Ниязбеков коопсуздук иш-чаралары тууралуу онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ИИМден билдирди.

Маалыматка ылайык, кеңешмеде министр жол кырсыктарына бөгөт коюу жумуштарын күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле унаа ылдамдыгын нормадан ашырып айдоону, мас абалында унаа башкарууну, карама-каршы жол тилкесине чыгууну, жүргүнчүлөрдүн өмүрүн тобокелге салууну болтурбоо максатында пропагандалык жумуштардын таасири начар жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.

Ниязбеков Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына төмөндөгүдөй тапшырмаларды берди:

- Эл арасында, анын ичинде айдоочулар жана жүргүнчүлөр арасында таасирдүү пропагандалык иш-чаралар күчөтүлсүн;

- жол кыймылына түздөн-түз жооптуу болгон кызматкерлердин кызмат өтөөсүн көзөмөлгө алып, ишмердиктерине күн сайын баа берилип турсун;

- жер-жердеги ички иштер органдарынын жетекчилери, жергиликтүү бийлик жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирге жол кырсыктарына бөгөт коюу жумуштарын жүргүзүп, атайын акциялар жана таасирдүү иш-чаралар мезгил-мезгили менен өткөрүлүп турсун;

- оор кесепеттер менен коштолгон жол кырсыктарына кызматтык иликтөөлөр жүргүзүлүп, жооптуу жетекчилерге катуу тартиптик чаралар көрүлсүн.

Министр берилген тапшырмаларды так аткаруу жоопкерчилиги жогоруда аталган жетекчилерге жүктөлөрүн жана жыйынтыгы жакынкы мезгилде караларын белгиледи.

Жыйынга министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкармалыктарынын жетекчилери катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: