Улуттук банк: "Учурда ички валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу"
Азыркы учурда өлкөнүн ички валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу сакталууда. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-июнда Улуттук банктын төрагасынын орун басары Кайып Куленбеков менен коммерциялык банктардын жетекчилигинин өкүлдөрү жолугушту.
"Анда тараптар валюта рыногундагы учурдагы жагдай боюнча пикир алмашып, Кыргызстандын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүнүн финансы рынокторундагы өзгөрүүлөр ички валюта рыногуна чектелген таасир тийгизет деп белгилеп өтүштү. Анткени Кыргызстандын банк сектору финансылык туруктуулукту сактоо үчүн жетиштүү ресурстарга ээ", - деп жазылды бактын маалыматында.
Улуттук банк зарыл болгон учурда валюта рыногунда туруктуулукту сактоо максатында жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатына ылайык тиешелүү чараларды көрөт.
Белгилей кетсек, бүгүн өлкөдө рублдун сомго карата курсу кескин өзгөрүп кеткени кабарланган.

