Эске салабыз. Дүйшөмбүдө кыргызстандыктар эс алышат
Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, кыргызстандыктар үчүн дүйшөмбү, 17-июнь эс алуу күнү болот. Мындай чечим Курман айт майрамы 16-июнь, жекшембиге туура келгенине байланыштуу кабыл алынган.
Муфтияттын маалыматына ылайык, Курман айт майрамына байланыштуу айт намаздар жер-жерлердеги мечиттерде окулмай болду.
Белгилей кетсек, Курман айт Орозо айттан 70 күн өткөн соң белгиленет. Былтыр бул күн 28-июнга туш келген. Аталган майрамда айт намазы окулуп, курмандыкка мал союлуп, муктаждарга жардам берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.