super.kg logo

Кытай ЖОЖдоруна 125 стипендиялык орун бөлүндү

 

Синцзян-Уйгур автономдуу районундагы (СУАР) жогорку окуу жайларына бакалавриат, магистратура, докторантура программалары боюнча билим алууга жана тил такшалмасын өтүү үчүн кыргызстандыктарга 125 стипендиялык орун бөлүндү. Бул туурасында Билим берүү министрлиги бүгүн, 14-июнда кабарлады.

Маалымдалгандай, анын ичинен 50 орун кытай тилин билбей туруп, тил такшалма жана бакалавр (1+4) программаларында окутууга арналган.

“Стипендиялык программага катышуу үчүн талапкерлер http://student.edu.gov.kg/ онлайн системасында 25-июнь саат 23:59га чейин “2024-2024-окуу жылына карата Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу “КЭР Синцзян-Уйгур автономдуу районунун элдик өкмөтүнүн стипендиясы” программасы бөлүмүндө керектүү талааларды толтуруп, талап кылынган бардык документтерди жүктөө керек”, - деп билдирген маалыматта.

Кошумчалагандай, системада ар бир окуу программасы боюнча каттоо талапкер тандаган билим деңгээлине ылайык жүргүзүлөт. Толук эмес документтерди камтыган өтүнмөлөр автоматтык түрдө четтетилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: