super.kg logo

"Канчалык кереги бар?" Масалиев аймактарда курулуп жаткан аэропорттордун ишин сындады (видео)

 

Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Исхак Масалиев Таласка жана Жалал-Абадга курулган аэропорттордун канчалык деңгээлде өлкөгө пайдасы бар экендигине кызыкты.

“Ош-Бишкек альтернативдик жолу курулуп жатат. Таластан унаа менен келгендер 400-500 сом менен жетип жатат Бишкекке. Миллиондорду кетирип жаткан аэропорттордун канчалык деңгээлде кереги бар? Келечекте туризм багытына керекпи? Таласка бир да учак конгон жок. Силер жарнама кылганда каттуу кетип калып жатасыңар”, - деди эл өкүлү.

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун милдетин аткаруучусу Данияр Бостонов аэропорттордун мамлекетке пайдасын түшүндүрүп бере алган жок, бирок "Талас" аэропортуна эски учак сатып алынып жаткандыгына токтолду.

Учак бир жумада бир жолу каттайт деп пландап жатабыз. Учурда мурда колдонулган эски учакты сатып алуу алдындабыз, ал сентябрь же октябрь айларында келет”, - деп билдирди ал.






Масалиев аймактарда курулуп жаткан аэропоттордун ишин сындады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: