Бишкекте жарнамалык такталар LED экрандарга алмаштырылат







Бишкекте жарнамалык такталар LED экрандарга алмаштырылат. Калаа башчы тиешелүү кызматтарга тапшырма берди. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, бүгүн эртең менен Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Ахунбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн жаңыланган тилкесин, жол иштери кызуу жүрүп жаткан аймактарды жана шаардагы көрнөк-жарнак шиттерин текшерди.
Анда калаа башчы тиешелүү кызматтарга Ахунбаев көчөсүндөгү жолдун жээгинде мыйзамсыз токтотулган унааларды эвакуациялоо иштерин күчөтүүнү, бардык коммерциялык объектилердин имараттарынын фасаддарын тазалоону, шаардагы бардык көрнөк-жарнамаларды алуу жана аларды LED-экрандарга алмаштырууну тапшырды.
Мындан тышкары жолду оңдоо иштеринин жүрүшүндө "Бишкек жарык" ишканасынын жетекчисине эски электр чубалгыларын жаңысына алмаштыруу иштерин жүргүзүү жана бардык линияларды жаңы долбоордук код менен жер астынан өткөрүү тапшырылды.
Текшерүү иштеринин соңунда шаар мэри "Алга" спорт комплексинин курулушунун жүрүшүн текшерип, курулуш иштеринин сапатына көңүл буруу жана ишти тездетүү боюнча тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкек мэриясына шаардагы эски жарнамалык такталарды 31-августка чейин толугу менен тазалап, шаардын көркүнө ылайыктуу жана ыңгайлуу жерлерге LED экрандарга алмаштыруу тапшырмасын берген.

