super.kg logo

КМШ өлкөлөрүнүн акыйкатчылары мигранттардын укуктарын коргоо маселелерин талкуулашты

 

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн адам укуктары боюнча комиссиясынын видеоконференция аркылуу жыйынына акыйкатчы Жамиля Жаманбаева катышты. Бул туурасында бүгүн, 20-июнда мекеменин маалымат кызматынан кабарлады.

Маалымдалгандай, Жаманбаева мигранттардын укуктарын коргоону камсыз кылуу максатында улуттук укук коргоо институттарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

"Мигранттардын укуктары бузулган учурлар көп кездешет. Бул оор эмгек шарттарда иштеген гана эмес, мигранттар кодулоого кабылышат. Мына ушундан улам КМШ өлкөлөрүнүн мигранттардын укуктары жаатындагы ченемдик укуктук актыларын изилдөөнү сунуштоого түрткү болду. Эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгү көбүнчө аярлуу абалга туш болгондон кийин, миграциялык мыйзамдардын катаалдыгынан улам аларга өлкөгө кирүүгө тыюу салынып калган учурлар да бар", - деди Жаманбаева.

Кыргызстандын Акыйкатчысы жалпы кабыл алынган принциптерге жана эл аралык укукка ылайык мигранттардын укуктук статусун өзгөртүү боюнча алдыңкы тажрыйбаны кабыл алууну сунуштайт.

Ошондой эле омбудсмендер КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү мигранттардын укуктарын коргоо маселелерин талкуулашты.

Алсак, Кыргызстандын, Орусиянын, Казакстандын Акыйкатчы институттары, ошондой эле Беларустун тиешелүү мамлекеттик органдары ар бири өз өлкөсүндөгү миграциялык мыйзамдарга талдоо жүргүзүштү.

27-июнда Санкт-Петербургда адам укуктары тууралуу бардык сунуштарды карай турган КМШнын адам укуктары боюнча комиссиясынын жыйыны болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: