super.kg logo

Ошто жана Караколдо альпинизм багытын окуткан борборлор ачылат

 

Ош шаарында жана Караколдо альпинизм, тоого чыгуу, чокуларды багынтуу боюнча түшүнүк берип, кенен үйрөткөн ийримдер ачылат. Бул туурасында бүгүн, 20-июнда Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов SUPER.KG порталынын маалымат борборундагы жыйында билдирди.

Анын айтымында, жаштар арасында кызыгуулар күндөн күнгө көбөйүп жатат. Жана аларга тоого чыгып, чокуларды багынтуудагы эрежелерди үйрөтүү учур талабы.

“Бишкекте эки окуу борбор өз ишин алып барууда. Кызыгып келген жаштардын агымы көп. Мындан тышкары Ош мамлекеттик университетинин алдында жана Караколдогу менчик мектепте атайын окуу ийримдерин ачып жатабыз. Аны менен катар Кыргыз-Түрк "Манас" жана Кыргыз-Орус Славян университетинин алдында да окуу борбор ачуу пландалды. Алгач окутуп, анан күч кубаттуу, чокуну багындыра ала тургандар тандалып алынат”, - деп билдирди Кубатов.

Ал эми альпинист Кадыр Сайдилкан тоого чыгуунун өз эрежелери бар экендигин айтып, машыктыруучулардан кеңеш алууга чакырды.

“Альпинизм чоң спорт. Күчтүүлүктү, сабырдуулукту, чыдамкайлыкты үйрөтөт. Ала-Арча тоосуна шаарда кийип жүргөн бут кийим менен барып алган жаштарды көрөм да, үйгө келип алар эсен-аман келди бекен деп ойлоном. Андыктан жоопкерчиликтүү болуш керек. Анын да эрежеси бар. Кыргызстанда бул багытта белгилүү машыктыруучулар бар. Кайрылып алардан маалымат алыш керек”, - деди ал.

Белгилей кетсек, SUPER.KG порталынын маалымат-борборунда дүйнөнүн эң бийик чокусун - Эверестти багынткан альпинисттер Эдуард Кубатов, Кадыр Сайдилкан жана Илим Карыпбеков күйөрмандары менен бейформал жолугушту. Анда альпинисттер Эверест чокусун багындырууга кеткен каражаты, альпинизмдеги түшүнүктөр, даярдык көрүү, окуу борборлору туурасында кенен маалымат берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: