super.kg logo

Оштогу мейманкана чыры. Экинчи тарап үн катты (видео)

 

"Мен да жабыркап отурам". Мындай билдирүүсүн Ош шаарында талашка түшкөн мейманкананын ээси Бактыгүл Мадаминова SUPER.KG порталына билдирип, коомчулукка үн катты.

Эсиңиздерде болсо, Ош шаарында мейманкана имаратын ижарага алып иштетип, бирок өз мөөнөтүнөн мурда тарттырып отургандыгын айткан жеке ишкер Мээргүл Каракозуева тууралуу маалымат бергенбиз. Анда ал бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, жардам берүүнү суранган.

Бул ирет имаратты ижарага берген тарап өз чындыгын айтып кайрылды. Анын ээси катары өзүн тааныштырган Бактыгүл Мадаминова ишкерге убагында жардам берип, бирок имаратты күрөөгө коюп, алган кредитин төлөй албай калгандыктан, сатууга туура келгендигин билдирди.

“Мээргүл Каракозуева 2019-жылы мага жардам сурап келген. Майыптыгы бар кызга боорум ооруп, имараттын үстүндөгү боз үйгө жашатып, хостелди иштеткенге бергенмин. Башында пайдага чыгып алсын деп канча ай ижара акы албадым. Бир жылдай жарнама, ремонт деп бекер отурду. 2020-жылы азыраак косметикалык оңдоого проект жаздым деп келишим түзүп келди, жети жылдан кем эмес болуш керек деп.

Көрсө, ал биздин имарат залогдо турганын билип туруп, адресин башка көрсөтүп, кол койдуруп барып тапшырып, грант алыптыр. Келишим нотариустан өткөн эмес. Андан кийин 50 миң сомго токтолуп 2022-жылга бир жылга келишим түздүк. Ал эми мурункусу күчүн жоготот. Мен ооруп калып, Бишкекте жүргөндө Мээрим ар нерсени шылтоолоп ижара акы төлөбөй, банкка акчасын төгө албай калдым. Ошентип имаратты банкка тарттырып ийүү коркунучу жаралды. Айла жок саттым. ЖИА ортодо туруп, 8 адам катышып, тынчтык келишимин түздүк. Мээргүл жети күн ичинде буюмдарын алып чыгам, биз болсо кеткен чыгымдарын беребиз деп келишсек да, ал акча алуудан качып, бошотпой жүрдү. Акырында сот бул ишке чекитин койду. Менин деле укугум бар да. Мен деле жабыркап отурам”, - деп билдирген Мадаминова.






Оштогу мейманкана чыры

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: