Бүгүн, 23-июнда Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу мекенибизге кайтып келди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдирди.
Алар түшкөн учак Ош эл аралык аэропортуна конду. Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушев ажыларды тосуп алды.
Сауд Арабиясы 2024-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 6060 квота бөлгөн. Быйыл ажылык 14-19-июнь күндөрү аткарылды.