"Татиков, Амангелдиев, Текебаев..." Президент менен Бельгияга дагы кимдер кетти? (тизме)
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда, Бельгияга иш сапары менен учуп кетти. Бул туурасында өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, сапардын алкагында, 24-26-июнда мамлекет башчысы Бельгиянын Королу Филипп менен жолугушат. Ушул эле күнү Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен расмий жолугушуусу өтөт.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын Европа биримдиги жана Бельгия менен соода-экономикалык кызматташуусунун учурдагы абалы, келечеги талкуулана тургандыгы маалыматта кошумчаланган.
Кыргызстандын расмий делегациясынын курамы:
- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- Президенттин администрациясынын Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Азамат Кадыралиев;
- Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Кыргызстандын Бельгия Королдугундагы, Нидерландыдагы жана Люксембургдагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси ишин айкалыштыруу менен Кыргыз Республикасынын Европа Биримдигиндеги Туруктуу өкүлү Айдит Эркин;
- транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев;
- экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
- финансы министринин орун басары Руслан Татиков.

