super.kg logo

Ырчы Амирчик Германиядагы жеке концертинде Кыргызстандын желеги менен чыкты (видео)

 

Кыргызстандык ырчы Амирхан Батабаев (Амирчик) Германиянын шаарларында өзүнүн жеке концертин тартуулап жүрөт.

Ал бул тууралуу видеолорду социалдык баракчасында бөлүшкөн.

Видеодо концерт учурунда Кыргызстандын желегин жамынып ырдап жатканын көрүүгө болот.

“Бад-Мергентхайм, жылуу кабыл алганыңар үчүн рахмат! Мен сапарымды улайм. Кайсы шаар мени күтүп жатасыңар?” - деп билдирүү калтырган ал өз баракчасына.

Белгилей кетсек, ырчы Амирчик 2003-жылы 23-октябрда Бишкек шаарына жакын айылдардын биринде жарык дүйнөгө келген.

Жаш болгонуна карабай ийгилик жараткан ырчы ТикТок социалдык баракчасынан миллиондогон катталуучу топтой алган. Ошондой эле Орусиядан баштап, Азия, Малайзия жана Сингапурга чейин өз күйөрмандарын чогулта алган.






Амирчик Германияда

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: