super.kg logo

Эмгек министрлиги чет өлкөдө жумушка орноштурган компаниянын ишин токтотту

 

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору "Евро Хантер Компани" ЖЧКсынын иши токтотулду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим компаниянын кызмат көрсөтүүсүн көпкө күтүү боюнча жарандардан түшкөн даттануулардан улам кабыл алынган.

"Евро Хантер Компани " ЖЧКсы "жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө" жобонун нормаларын бузган", - деп айтылат маалыматта.

Министрлик түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу үчүн компанияга төмөнкү талаптарды койгон:

  • учурдагы маселелер чечилмейинче жана катталган кардарлардын алдындагы милдеттенмелер аткарылмайынча жаңы талапкерлерди тартууну токтотуу;
  • кызмат көрсөтүүнү көптөн бери күтүп жаткан бардык жарандарга акча каражаттарын кайтарып берүү.

Ошондой эле министрлик ушундай көйгөйлөргө туш болгондорду кайрылууга чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: