Баткендин бир району менен эки айылына "өзгөчө кырдаал" режими кирди

Тактап айтканда, Кадамжай районунда катталган селдин кесепеттерин жоюу, кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында 24-июнда Кадамжай районунун акиминин буйругунун негизинде "өзгөчө кырдаал" режими район аймагына киргизилди.
Мындан сырткары Лейлек районунун Катраң айыл аймагына жана Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында селдин кесепеттерин жоюу жана башка кечиктирилгис иштер жүрүп жатат. Андыктан аталган айыл аймактарына да “өзгөчө кырдаал” режими киргизилген.
Кечээ, 24-июнь күнү Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун аймактарында катуу жааган жамгырдан сел жүргөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.