Көз оорулары эмнелерге алып барышы мүмкүн? Дарыгер жооп берет
SUPER.KG порталынын #Азыр рубрикасында офтальмолог Айдай Ассатилаева көз оорулары тууралуу сөз кылды. Дарыгердин айтымында, ар бир ооруну алдын алуу же өз убагында токтотуу абдан маанилүү.
"Ар бир ооруну өзүнчө кароо керек. Мисалы, кичинекей балдардын оорулары боюнча сөз кылсак, миопия (алыстан начар көрүү) бул өтө чоң деңгээлге жетип кетиши мүмкүн. Эгер алтыдан жогору болсо миопия - жогорку деңгээл деп айтылат, бул жагдайда өтө начар көрүп, же сокур болуп калуу коркунучу бар. Көздө минус болгондо көз чанагы чоңоюп кетет, ал чоңоюп кеткенде тордомо чел жукарып, коркунучтуу тешикчелер пайда болот. Тордомо чел сыйрылып түшө турган болсо, көз көрбөй калышы мүмкүн. Ошондой эле бала чоң плюс менен төрөлө турган болсо, бул жагдайда көздү толук кандуу иштетүү мүмкүн эмес болуп калат. Бул, албетте, коркунучтуу. Ошондуктан ар бир ооруну алдын алуу же өз убагында токтотуу өтө маанилүү", - дейт дарыгер.
кошулду

