super.kg logo

Бишкек мэриясы Жибек Жолу проспектисиндеги оңдоо иштери тууралуу айтты

 

Жибек Жолу проспектисинде жолду капиталдык оңдоо жумуштары башталды, ал бир нече этап менен ишке ашат. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Ага ылайык, аталган көчөдө жолду капиталдык оңдоонун биринчи этабында Тоголок Молдо көчөсүнөн Ж. Абдрахманов көчөсүнө чейин жолдун бир тарабы жабылган.

"Жабылган тилкеде учурда жолдун эки четине бордюрларды орнотуу жана геодезия жумуштары жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, Жибек Жолу проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өтөт. Жалпы узундугу 3,2 чакырымды түзөт.

Ал эми унаа тыгынын алдын алуу максатында жолдун түндүк жана түштүк тарабы өз-өзүнчө жасалат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: