super.kg logo

Үрүмчүдө кыргыз-кытай кызматташуу борбору ачылды

 

Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) Үрүмчү шаарында кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташуу борбору ачылды.

Иш-чарага суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышканын өкмөттөн билдиришти.

Борбордун негизги максаты - тематикалык жолугушууларды, иш-чараларды өткөрүү жана долбоорлорду презентациялоо аркылуу кыргыз жана кытай ишкерлери үчүн шарт түзүү. Ошондой эле Кыргызстандын инвестициялык потенциалы, инвестиция салуунун багыттары, кыргыз-кытай компанияларынын кызматташуусу үчүн маанилүү маалыматтарды кызыккан тараптарга сунуштоо.

Белгилей кетсек, жогорудагы кызматташуу борбору Синьцзян “Xing Long” корпорациясынын аймагында жайгашкан. Анын курамында 200дөн ашуун кытай компаниясы бар. Эми Синьцзян корпорациясы Кыргызстандын аймагында индустриалдык паркты өнүктүрүүгө кызыкдар жана бизнес жүргүзүү үчүн көптөгөн кытай компанияларын тартууга ниеттенүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: