"Чакалап суу чачып...". Ошто милиция кызматкерлери өрттү өчүрүп калышты (сүрөт)






Бүгүн, 28-июнь күнү Ош облусунда милиция кызматкерлери өрт учкунун токтотуп калышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунда Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата райондук ички иштер бөлүмүнүн демилгеси менен мекеме, уюмдардын арасында спорттук иш-чара өтүп жаткан. Саат 13:15 чамасында иш-чара өтүп жаткан жерге жакын жерден кара түтүн асманга көтөрүлө баштаган. Аны байкаган милиция кызматкерлери дароо өрт кызматына кабар берип, алар келгиче өздөрү да тилсиз жоону өчүрүүгө киришкен.
Милиция кызматкерлери өрттөнүп жаткан дарактарды жана поезд жолго төшөлгөн жыгачтардагы өрттү өчүрүшкөн. Жыйынтыгында өрт өчүрүү кызматы менен биргеликте тилсиз жоо чектөөгө алынып, толугу менен өчүрүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.