Ноокатта селдин кесепеттерин жоюу иштерине 600дөн ашык адам тартылды
Ноокат районундагы Абшыр-Ата айылындагы селдин кесепеттерин жоюу жана издөө иштерине 637 адам тартылды. Бул боюнча ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ага ӨКМден жалпы 127 куткаруучу, райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 60 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 450 адам тартылган. Ошондой эле 19 техника иштеп жатат.
Кошумча маалымат берилет.
Белгилей кетсек, саат 16:10 чамасында Т.Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылында нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Шаран-Сай сел өтүүчү сайына сел суулары түшкөн.
Натыйжада 1 ички чарбалык көпүрөнү, №37 ЖТИге караштуу 1 көпүрөнү, 10 электр мамычаларды агызып, 10 турак үйдүн короосуна кирген. 7 адамды сел суулары агызып кетип, 5 адамдын жансыз денелери табылган. 2 адамды издөө иштери уланууда.
Буга байланыштуу Ноокат районуна "өзгөчө кырдаал" режими киргизилди.
