super.kg logo

Ноокаттагы сел: 200дөн ашык медициналык кызматкер тартылды

 

Ош облусунун сел жүргөн Ноокат районуна медициналык жардам көрсөтүү үчүн 30 дарыгер жана 174 медкызматкер тартылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

Аталган аймакта Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын, облустук балдар ооруканасынын адистери, Оштогу психиатрия жана наркология борборунун психологдору үй-бүлөлүк дарыгерлер менен биргеликте үймө-үй кыдырып, керектүү медициналык жардам көрсөтүүдө.

Ошондой эле 6 тез жардам унаасы тартылган. Мындан тышкары Ош облусунун санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери да жеринде иш алып барышууда.

Ноокат аймактык ооруканасында жана анын Көк-Жардагы филиалында 110 койка даярдалган.

"Зарыл жардам көрсөтүү үчүн дары-дармектердин жетиштүү запасы бар. Белгилей кетсек, ооруканаларга селден жабыр тарткандар түшө элек" деп билдиришти министрликтен.

Медициналык жардам көрсөтүү боюнча бардык чаралар саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин көзөмөлүндө экени маалымдалды.

Белгилей кетсек, буга чейин Ноокат районундагы селден беш адам каза болгону кабарланган. Аталган районго "өзгөчө кырдаал" режими киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: