super.kg logo

Орто-Токой суу сактагычында кичи ГЭСтин курулушу башталды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орто-Токой суу сактагычындагы чакан ГЭСтин курулушуна мезгил кутучасын салуу аземине катышты. Иш-чарада ал аталган ГЭС ишке кирсе Балыкчы шаарындагы 14 миңден ашык абонентти электр энергиясы менен камсыз кыларын айтты.

«Бүгүн Орто-Токой суу сактагычына кичи ГЭСтин курулушуна капсула салдык, ал келечекте Балыкчы шаарындагы 14 миңден ашык абонентти электр энергиясы менен камсыз кылат. Биз энергетикалык көз карандысыздыкка карай ишенимдүү кадамдарды жасап жатабыз. Өлкө президенти жакында эле Бала-Саруу ГЭСин ишке киргизди, Папан суу сактагычында жакынкы арада ГЭСтин курулушу башталат. Улуттук долбоор - Камбар-Ата ГЭС-1 күч алууда, эл аралык уюмдардын жана каржы институттарынын өкүлдөрүнөн турган комитет түзүлдү. Бул долбоорлорду ишке ашыруу Кыргызстандын ири гидроэнергетикалык өлкөгө айлануусуна шарт түзөт”, - деди Жапаров.

Өкмөттөн билдиришкендей, ГЭСтин кубаттуулугу 21 МВт болот. Орто-Токой кичи ГЭСин куруу боюнча келишим кытайлык China National Machinery Industry Corporation (CHMC) менен «Чакан ГЭС» ААК ортосунда түзүлгөн.

«Кытай биздин өлкөнүн негизги өнөктөштөрүнүн бири жана анын рыногу «океан» сыяктуу. Балыкчы Шанхай, Гонконг сыяктуу өнүккөн шаарга айлана турган күн келет”, - деген минкаб башчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: