Тарбиялоо абагындагы балдар аттестат жана күбөлүк алышты




Чүй облусунун Панфилов районунда жайгашкан №14 тарбия абагындагы балдарга аттестат жана күбөлүктөр тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда Жазаларды аткаруу кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мекеменин жетекчилиги жана педагогикалык жамааты окуу жылын ийгиликтүү аяктаган 9-класстын 6 окуучусуна жана 11-класстын 6 окуучусуна жалпы орто билими тууралуу аттестаттарды жана күбөлүктөрдү тапшырышкан.
Ошондой эле абактын дагы 12 тарбиялануучусуна мекеменин алдындагы кесиптик лицейди аяктагандыгы боюнча сертификаттар берилген. Мында 6 өспүрүм ширетүүчү кесибин алса, 6 бала тигүүчүлүк боюнча сертификаттарды алышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.