Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти шаардык мэриянын муниципалдык менчигинде турган автотранспорт каражаттарын сатуу боюнча аукцион жарыялайт.
Ага ылайык, 96 лоттон турган аукцион ушул жылдын 25-июлунда саат 14:00дө Бишкек шаарынын Чокморов көчөсүнүн 246 дарегинде өткөрүлөт. Арыздар 22-июлга чейин кабыл алынары айтылат.
Ачык аукционго катышуу укугун алуу үчүн талапкер Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине төмөнкүлөрдү тапшырат:
*лоттун номерин көрсөтүү менен ачык аукционго катышуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз;
* талапкердин өздүгүн тастыктаган документ;
* арыз берүүчүнүн жетекчиси экендигин ырастоочу документ же жеке жактын, юридикалык жактын арыз берүүчүнүн атынан иш алып баруу укугуна ишеним кат;
* кепилдик взностун (депозиттин) төлөнгөндүгүн ырастоочу төлөм документтери.
Кепилдик төлөмдү которуу үчүн депозиттик эсептин реквизиттери:
Алуучу: Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти
Алыш-бериш эсеби: 4402062200010083
КР ФМ Борбордук казыналык банкы
БИК 440001
Төлөм коду: 14511900
Тапшыруу: ММБД ИНН 00501201710120 конкурска катышуу үчүн депозиттин суммасы ЛОТ №_
"Бардык суроолор боюнча Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине, муниципалдык менчикти жана укук белгилөөчү документтерди эсепке алуу бөлүмүнө кайрылыңыздар. Байланыш телефону: 0(312) 45-44-12; 0707 45-19-48", - деп жазылат анда.
Транспорт каражаттарын сатуу боюнча аукцион жарыяланды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.