Көргөзмөлөр, кыргыз ашканасы... Чуңкурчак жайлоосунда кымыз фестивалы өтөт

Маалыматка ылайык, салтка айланган салтанаттуу иш-чара "Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө" жарлыгын аткаруунун алкагында өткөрүлүүдө.
"Фестивалда көптөгөн көргөзмөлөр, жети дубандан келген кымыздын кеңири тандоосу жана кыргыз ашканасы, улуттук деңгээлдеги элдик кол өнөрчүлөрдүн катышуусу, анын ичинде боз үйлөр шаарчасы болот. Ошондой эле түркүн-түстүү жана кызыктуу кыргыз көчмөндөрүнүн улуттук оюндары көрсөтүлөт. Иш-чара саат 10:00дө башталат", - деп айтылат анда.
Аталган саамалык кыргыз элинин чыныгы турмушун сезүүгө мүмкүндүк берери айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.