super.kg logo

"Милиция төлөбөйм деп". Мэрия коомдук транспорт кимдер үчүн акысыз экендигин айтты (видео)

 

Интернет желелеринде жол киреден улам милиция кызматкери менен автобус айдоочусунун уруша кеткен видеосу тарады.

Анда коомдук транспортко милиция кызматкеринин жол акы төлөбөй кирип кеткенин көрүүгө болот. Мындан улам айдоочу андан жол кирени төлөөсүн талап кылган.

Видеодон кызматкердин "айтып койсоңуз, мэрия жогорубу, же Жогорку Кеңешпи?" дегенин угууга болот. Ага айдоочу "биз мэрияга баш ийебиз. Мен сизди түш деген жокмун, төлөңүз деп жатам" деп жооп кайтарган.

Андан соң "сиз мени түшүрүп жатасыз, э? Төлөмөйүнчө жылбайм деп жатасыз. Мен кызматка бара жатам" деген милиция кызматкери.

Айдоочу ага "кайдагы кызмат? Саат сегиз жарым болду" дегенде, милиция кызматкери автобустан түшүп кеткен.

Бишкек шаардык мэриясына байланышканыбызда, коомдук транспорт пенсионер, өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жүргөн почточулар жана майыптыгы бар адамдар үчүн гана акысыз экендиги маалым болду.

"Калган бардык жарандар жол акысын төлөөгө милдеттүү", - дешти мекемеден.






Милиция кызматкери менен автобус айдоочусунун уруша кеткен видеосу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: