Камчыбек Ташиев УКМКнын Лейлек районундагы жаңы имаратынын спорт залында машыкты (видео)
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын жаңы Лейлек райондук имаратынын спорт залында машыкты.
Видеодо президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү Абдикарим Алимбаев менен бирге машыгып жатканын көрүүгө болот.
Анда УКМК жетекчиси эң алгач бир канча жолу гантель көтөрүп, грушаны уруп, соңунда Алимбаев менен биргеликте стол теннисин ойногон.
Эске салсак, кечээ, 6-июлда УКМКнын Баткен облусундагы Лейлек райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылыш аземи болгон. Анда Камчыбек Ташиев катышып, атайын кызматтын жаңы имаратын пайдаланууга тапшырган.
Камчыбек Ташиев УКМКнын Лейлек районундагы жаңы имаратынын спорт залында машыкты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.