Тоңдо чагылгандан өлгөн малдын чыгымы төлөнөбү? Жергиликтүү бийликтин жообу
Буга чейин Жазы-Кечүү жайлоосуна чыгылган түшүп, анын кесепетинен 250 баш кой өлгөнү маалымдалган болчу. Окуя 7-июлда саат 17:00 чамасында болгон.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги койлорду көмүү жана залалсыздандыруу иштери жүргүзүлүп жатканын билдирген. Ошондой эле майда жандыктар чабан Көкүмбек Абдылдаевге тиешелүү экенин кошучалаган.
Жаратылыш кырсыгынын кесепетинен материалдык зыянга учураган жаранга материалдык жардам көрсөтүлөбү деген суроо менен президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө кайрылдык.
Айтымдарында, учурда райондук жарандык коргонуу комиссиясы иш алып барууда.
"Негизи мал-мүлк камсыздандырылган учурда төлөм жүргүзүлөт. Айрым учурларда банктарда насыясы болсо, жергиликтүү бийлик тарабынан мөөнөтүн жылдыруу жана ашыкча туумдарды коштурбоо боюнча банктарга каттар жөнөтүлөт", - деп билдиришти өкүлчүлүктөн.
