super.kg logo

Эртең Абдрахманов көчөсүнүн эки кесилиши жабылат

 

Бишкектеги Жусуп Абдрахманов көчөсүндө эки кесилиш жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 9-июль күнү Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Ага ылайык, 10-июлдан тарта аталган көчөнүн Жоомарт Бөкөнбаев жана Москва көчөлөрү менен кесилиши капиталдык оңдоого байланыштуу унаа кыймылы үчүн жабылат.

"Кесилиштерге асфальт басуу аяктагандан кийин Жусуп Абдрахманов көчөсүн Москва көчөсүнө чейин ачуу мерчемделүүдө.

Жолго асфальт басуу жумуштары аба ырайына байланыштуу кечеңдеши мүмкүн. Мындай жагдайда график өзгөрөт", - деп жазылат анда.

Ошондой эле эртең Байтик баатыр көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгү ачылары кабарланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: