super.kg logo

Өзгөндө дарыянын нугу өзгөртүлүп, миң гектар жер бошотулат

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Ош облусундагы Өзгөн шаарын айланып өтүүчү унаа жолунун курулушу менен таанышты.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, тиешелүү жумуштар үстүбүздөгү жылдын алгачкы айларында башталып, ага мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде 29,4 миллион доллар акча каражаты каралган.

Курулуштун координатору Нурлан Сулайманов белгилегендей, 13 чакырымдан ашуун узундуктагы жолдун туурасы 22 метрди түзүп, төрт тилке болуп жасалат. Долбоорго ылайык, Жазы дарыясында 77 метр жана Кара-Дарыя дарыясында 197 метр болгон эки чоң көпүрө курулат. Мындан тышкары, дарыянын нугу өзгөртүлүп, миң гектардай жер бошотулат. Ал жер дыйканчылыкка пайдаланууга берилет.

Муну менен катар мал айдап өтүү үчүн жана ички айылдардын каттамы үчүн жалпы 50гө жакын жолдун астынан өтүүчү атайын заманбап өтмөктөр жасалат.

Курулушка 300 жумушчу жана 92 даана жол куруу техникалары тартылган. Жыл аягына чейин жолду салуу иштери бүткөрүлөрү мерчемделген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: