super.kg logo

ЭЛДИК КАБАРга жооп: Жети-Өгүздө эскилиги жеткен оорукананын ордуна жаңысы курулмай болду

 

Буга чейин ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылын тургундары кайрылып, Жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун имараты эскилиги жетип, калктын нааразычылыгын жаратып жаткандыгын билдиришкен.

Анда эскилиги жеткен оорукана учур талабына туура келбей, бейтаптарды кезек күтүүгө мажбур кылып жаткандыгы айтылат. Мындан улам жергиликтүү тургундар жаңы ооруканага муткаж экендигин айтышкан.

Бул боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин Каржы саясат башкармалыгынын жетектөөчү адиси Шер Сүйүнбек уулу жооп берип, учурда тийиштүү иш-аракеттер жүрүп жаткандыгын билдирди.

"Оорукананы оңдоп түзөөгө такыр болбойт. Жаңы оорукана курулмак, атайын жер да бөлүнүп берилген. Быйыл Финансы министрлигинин көзөмөлүнө алынган, бюджеттен каражат бөлүнүп берилмек. Бирок быйылкы жылдын планына кирбей калганын айтышты. 2025-жылы сөзсүз жаңы оорукана курулат деп жатабыз", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: